Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге
каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Социалдык
өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.
Анын айтымында, 9-майга карата ар бирине 20 миң сомдон берилет.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары учурда өлкө боюнча 251ди түзөт.