Декларациялык кампаниянын экинчи этабы башталды.
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, ал ушул
жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Маалыматка ылайык,
белгиленген мөөнөткө чейин Бирдиктүү салык декларациясын
физикалык жактар тапшырышы керек. Эске салсак, юридикалык
жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү
кечээ аяктады. Толук маалыматты 1240 номурунан же
sti.gov.kg сайтынан алууга болот.