Умбриэль Темиралиев «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жетекчи болду

Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 8-сентябрда билдирди.

 

Дээрлик бир жылдан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келген Темиралиев 7-сентябрда кызматтан алынган. Анын ордуна мурдагы санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов дайындалган.

 

“Бишкек” эркин экономикалык аймагын буга чейин Алмамбет Шыкмаматов жетектеп турган. Ал 5-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

 

8-сентябрда кыргыз өкмөтүндөгү төрт министр, эки агенттиктин жетекчилери кызматтан алынган.