Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күч сынашчу балбандар аныкталды. Тизме

Сербияда 16-24-сентябрь күндөрү өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатына бара турган улуттук курама команданын мүчөлөрү аныкталганын Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Биринчилик Сербиянын ордо калаасы Белградда өтөт. Бул — 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү мелдеш болуп эсептелинет.
Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.
16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Алмаз Сманбеков — 57 кг;

Тайырбек Жумашбеков — 61 кг;

Икромжон Хаджимурадов — 65 кг;

Эрназар Акматалиев — 70 кг;

Арсалан Будажапов — 74 кг;

Анарбек Изабеков — 86 кг;

Айаал Лазарев — 125 кг.

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбеков жетектейт.

Калмира Билимбек кызы — 57 кг;

Айсулуу Тыныбекова — 62 кг;

Мээрим Жумуназарова — 68 кг;

Айпери Медет кызы — 76 кг;

Нурзат Нуртаева — 72 кг.

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.

Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;

Амантур Исмаилов — 67 кг;

Акжол Махмудов — 77 кг;

Азат Салидинов — 87 кг;

Бексултан Махмудов — 97 кг.