Pfizer вакцинасы бүгүнтөн тартып аймактарга жеткирилет

Pfizer вакцинасы бүгүнтөн тартып аймактарга жеткирилет.

Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Препарат буга чейин Бишкектин бардык эмдөө түйүндөрүнө, Аламүдүн,

Сокулук райондоруна жана Кант шаарында бөлүштүрүлдү. Аны менен

18 жаштан жогорку бардык каалоочулар эмделсе болот. Ар бир дозасы

3 жума аралыкта сайылат. Эске салсак, Файзер вакцинасынын 259 миң

740 дозасы өткөн жумада COVAX программасы менен алынып келинди.