Бишкекте олимпиадалык резервдеги спорткомплексинин курулушу уланууда

Бишкекте олимпиадалык резервдеги спорткомплексинин курулушу уланууда. Объект “Чыгыш-5” кичи районунда жайгашат. Анын пайдубалын куюу аяктап калды, эки жумадан кийин дубалдарды тургузуу иштери башталат.

 

Жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн спорт комплексинде 3 спорттук зал, кеңсе бөлмөлөрү орун алат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 50 миллион сомду түзөт.