Балыкчыда жаңы реабилитациялоо клиникасы ачылды

Балыкчыда жаңы реабилитациялоо клиникасы ачылды.

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, имарат Катар кайрымдуулук уюмунун жана шаар мэриясынын биргелешкен келишиминин негизинде салынды.

Эки кабаттуу реабилитациялоо клиникасы 18 бөлмөдөн турат.

Жалпы дарыгердик практика борборунун жаңы бөлүмүнө жакын арада компьютердик томография, УЗИ сыяктуу дартты аныктоочу жабдуулар коюлат.