Жалал-Абадда кургак учукка каршы жаңы оорукана курулууда

Жалал-Абадда кургак учукка каршы жаңы оорукана курулууда.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, заманбап борбор 96 койкалуу болот.

Аны ушул жылдын октябрь айына бүткөрүү пландалып жатат.

Курулушка жалпысынан 300 миллион сом бөлүнгөн.

Белгилеп кетсек, аймактагы кургак учукка каршы буга чейинки оорукана 1948-жылдары салынган.

Учурда анда дарылануу, медицина кызматкерлеринин иштөөсү талапка жооп бербейт.