Төө-Ашуудагы туннелди оңдоп-түзөө иштери 10-августка чейин аяктайт

Төө-Ашуудагы туннелди оңдоп-түзөө иштери 10-августка чейин аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды, алдыда асфальт төшөө жумуштары бар.

 

Бишкек-Ош жолундагы узундугу үч чакырымдык туннелди калыбына келтирүү иши эки ай мурда башталган. Ага ылайык, унаа каттамына убактылуу чектөө киргизилген. Азыркы тапта жол күнүгө үч маал — таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болууда.