Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, жарандардан акча алып жүргөн адам кармалды

Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, жарандардан акча алып жүргөн адам кармалды.

Ал Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен

билдиришкендей, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болуп,

жабырлануучуларды ири компанияларга жумушка орноштурам деп алдап, көп суммадагы акча алып жүргөн.

Тинтүү учурунда, андан Жогорку Кеңеш аппаратынын кызматкеринин күбөлүктөрү жана мөөрү,

имаратка кирүүчү документ, ошондой эле жасалма унаа номерлери табылды.

Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалды.