Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, Суракматов кызмат учурунда коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталды.

Алсак, муниципалитетке тиешелүү жерлер коммерциялык мекемелерди жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген.

Аларга тиешелүү документтерди берүү үчүн мэриянын айрым кызматкерлерине жана курулуш иштерин

көзөмөлдөгөн органдарга басым көрсөткөн. Комитеттен белгилешкендей, Суракматовдун жана

анын жакындарынын активдери тездик менен көбөйүп, 50 миллион долларга жеткен.

Тергөө иштери уланууда.