Улуттук банктын алтын-валюта резерви тарыхый чекке жетти.
Бул тууралуу башкы каржы мекемесинин төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
Анын айтымында, учурда алтын-валюта резерви 3 миллиард 82 миллион долларды түзөт.
Бул көрсөткүч мамлекеттин импортунун алты айга чейинки төлөмүн камсыздоого жетет.
Буга чейин коомчулукта пандемиядан улам пайда болгон оор шартта Улуттук банктын
карамагындагы алтын-валюта запасын колдонуу боюнча сунуштар айтылган.