Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталат

Коронавируска каршы эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Учурда Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө түйүндөрүндө вакцина даярдалып жатат.

 

Биринчи этапта эмдөө тез жардамда, “кызыл зонада” иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта боло турган медицина кызматкерлерине, мугалимдер жана коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жасалат.