Өзбекстанда президенттик шайлоонун үгүттөө иштери башталды.
Өлкө башчылыкка 5 талапкер бар. Алар, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев,
«Миллий тикланиш» партиясынын атынан Алишер Кадыров, элдик-демократиялык
партиясынан Максуда Варисова, «Адолат» партиясынын лидери Бахром
Абдухалимов жана Экологиялык партиянын өкүлү Нарзулло Обломурадов.
Учурда беш партиянын өкүлдөрү өздөрүнүн программалары менен калкты
тааныштырууда. Белгилеп кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.