Чет мамлекеттен кыргызстандыктарды жеткирүү уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Екатеринбург шаарынан чартердик каттам менен 186 жаран келди.
Арасында Россия шаарларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу, балалуу аялдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана улгайган адамдар бар. Тизме дипломатиялык өкүлчүлүктөргө келген арыздардын негизинде түзүлгөн.