Жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, эреже бузгандарга айып салынууда

Өлкөдө жүргүнчү ташыган автобустар текшерилип, үч жуманын ичинде эреже бузгандарга 237 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чара 3-апрелде башталган.

«19-апрелге чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктарында түзүлгөн мобилдик топтор 2 миң 877 унааны текшерүүгө алып, коюлган талаптарга жооп бербеген 225 транспорт каражатынын айдоочуларына тийиштүү протокол толтурулуп, жалпы суммасы 237 миң сом айып салынды.

3-майга чейин улана турган рейддик иш-чаранын алкагында автобекет жана автостанцияларда жүргүнчү ташыган автобустардын айдоочуларынын тийиштүү документтери менен уруксат кагаздары, керектүү жабдуулары, иштөө графиги текшерилүүдө», — деп айтылат маалыматта.