Жаңы окуу жылында окуу форматы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат

Жаңы окуу жылында окуу форматы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен

бирге 25-августка чейин окуу форматын иштеп чыгат. Мындай тапшырма республикалык

ыкчам штабдын жыйынында берилди. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда акыркы

суткаларда ковиддон жаңы учурлары азая баштады.