Жайында тамак-ашка уулануу учурлары көбөйөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен аптаптуу ысыкта актуалдуу болгон эрежелерди эске салышты.
Алсак, адистердин айтымында коомдук жайлардан кийин жана сөзсүз түрдө тамактанардын алдында колду самындап жууш керек, азык-түлүк алууда сактоо мөөнөтүн жакшылап карап, тамак-ашты бир гана муздаткычта сактоо сунушталат.
Уулануунун алгачкы белгилеринен эле дароо дарыгерлерге кайрылуу зарыл.