Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга бир күндө 66 миң сом айып салынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, объекттин айланасындагы тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 66 миң сомго 7 протокол түзүлдү.
Анын ичинен юридикалык жактарга карата 3 протокол түзүлгөн:
-«Мир Одежды Кей Джи» ЖЧКсы (Садырбаев көчөсү, 107)
— Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Горький көчөсү, 25);
— «Гемотест KG» ЖЧКсы ( Горький — Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши).
Белгилей кетсек, рейд учурунда көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга таштандыны белгиленбеген жерге таштоого тыюу салынары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.