«Кыргызстан улуттук электр тармактары» туумду эсептен чыгаруу боюнча акция баштады

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы электр энергиясына карызды 31-декабрга чейин төлөгөн абоненттерге туумду эсептен чыгаруу боюнча акция баштады. Мекемеден билдиришкендей, бул калкка жана бюджеттик керектөөчүлөргө жеткиликтүү.

 

Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына карызды толук төлөшү зарыл. Ага ылайык, жаңы жылдан кийинки эсептөөлөр туумсуз жазылат.

 

Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.