Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык жуктургандардын саны 5 миң 500дөн ашты. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталган.
Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан 16 миң ата-эне бар.
Оорунун жайылышын токтотуу үчүн өлкөдө эмделгендер 95% болушу зарыл, бүгүнкү күндө көрсөткүч 77%ды түзүүдө.