Жал кичирайонудагы №72-мектеп гимпазиясынын кошумча корпусунун курулуш иштери жакынкы арада жыйынтыкталат

Бишкектин Жал кичирайонудагы №72-мектеп гимпазиясынын кошумча корпусунун

курулуш иштери жакынкы арада жыйынтыкталат. Анда 15-сентябрдан баштап башталгыч

класстын окуучулары билим алат. Novosti.kgге мамлекеттик архитектура жана курулуш

агенттигинен билдиришкендей, объекти 225 орунга чакталат. Учурда айланасын

көрктөндүрүү жана жабдууларды, эмеректерди орнотуу иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек,

мындан 30 жыл мурда курулган №72-мектептин буга чейинки негизги корпусунда

3 смена менен сабак өтүлүп келсе, жаңы имараттын ишке

кириши менен балдар 2 сменада билим алат.