Жалал-Абад облусунда 275 миллион сомго бааланган жер участогу мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунда 275 миллион сомго бааланган жер участогу мамлекетке кайтарылды.

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, прокурордук текшерүү учурунда 2010-жылы шаар мэриясынын токтому менен Майлуу-Суу лампа заводуна мыйзамсыз негизде 30 миң 460 чарчы метрлик жер аянты берилип кеткени аныкталган.

 

Мамлекетке жерди кайтаруу максатында шаар прокуратурасы сотко арыз менен кайрылып, натыйжада сот арызды канааттандырды.