Мамлекеттик органдар тендерлердин аткарылышы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет

Мамлекеттик органдар тендерлердин аткарылышы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет.

Тиешелүү токтом долбоорун Каржы министрлиги иштеп чыкты.

Демилгечилер тендердик бүтүм түзүлгөндөн кийин мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу тартибине банктык колдоону киргизүүнү сунуштап жатат.

Башкача айтканда, банктар келишимдин негизинде гана акча чыгарып, ошону менен каражаттын колдонулушун көзөмөлдөйт.

Бул жумуштарды өз убагында бүткөрүүгө жана бардык кызматтарды көрсөтүүгө шарт түзөрү айтылууда.