Жалал-Абад шаарында эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, акыркы күндөрү коронавируска кабылгандардын
саны көбөйүп жатканына байланыштуу шаардык штаб бир катар чечимдерди кабыл алды.
Алсак, мекеме-ишканаларда, банктарда, соода аянттарында, базарларда беткап тагынуу
режими сакталышы керек. Андан тышкары, тойкана, кафе-ресторандар орундуктардын
50 пайызына гана кардарларды алышы зарыл. Ошондой эле шайлоодогу
үгүттөө иштери ачык асман алдында өткөрүлүшү шарт.