Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды

Жалал-Абад шаарында кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, бала бакча имараты оорукана иретинде

пайдаланууга берилип, 120 орунга ылайыкташтырылды. Медициналык

мекеме алдындагы имарат керектүү жабдуулар менен камсыздалып,

шарттар түзүлдү. Кошумча ачылган жугуштуу оорулар бөлүмү

Жалал-Абад шаарынын тургундарын жана облустун башка

район-шаарлардан кайрылган жарандарын кабыл алат.