Жалал-Абад шаарындагы “Нооруз” сейил багын куруу иштери уланууда.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, эс алуу аймагы Спутник кичи районунда
жайгашат. Анын жалпы аянты 8 гектардан ашык. Сейил бакты 2 этап менен
калыбына келтирүү каралган. Учурда биринчи этабынын алкагында иштер
80 пайызга аткарылды. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен
45 миллион сом бөлүнүп берилген.