Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрт мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда төрт мектеп карантинге жабылды.

Булар Төмөнкү Ала-Арча, Ала-Арча, Лебединовкадагы №1 жана №2 мектептер, деп билдирди Ысык-Ата районунун Оорулардын алдын алуу бөлүмү.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, жогорудагы орто мектептерде окуучулардын сабакка келбей калуусу 20 пайыздык көрсөткүчтөн ашып кеткен.

Белгилеп кетсек, акыркы эки жумада республикада курч респиратордук жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өсүүдө.