Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт

23-25-январь күндөрү Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгү КР Кинематография департаменти менен биргеликте маданият жана кинематография тармагындагы кызматташтыктын алкагында өткөрөт.

 

«Бул күндөрү борбор калаанын тургундары 2017-2022-жылдар аралыгында тартылган Ирандын заманбап кинорежиссёрлорунун түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган тасмаларды көрө алышат», — деп айтылат маалыматта.

 

Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда саат 14:00дө «Манас» кинотеатрынын чоң залында өтүп, «Үмүт периштеси» аттуу тасма тартууланат.