Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей,

биринчиликте 7 топтом медаль ойнотулду. Ал үчүн республика боюнча

350дөн ашык балбан күч сынашты. Турнирдин жыйынтыгында,

Бейбарс Анарбеков, Нурбек Сагынбеков, Равил Самат уулу,

Эрбол Турапбеков, Бектурхан Кожомуратов жана Нурбек Кожобеков

жеңүүчү болушту. Жыйынтыктын негизинде ушул жылы Түркияда

өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Дүйнө

чемпионатына катыша турган спортчулар тандалат.