Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду

Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Ал эми мыкты көрсөткүч — 235 упайды Бишкектин №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү алды.

 

Жогорку баллга ордо калаадан 35 окуучу, Ош облусунан  7, Ысык-Көлдөн 5, Чүйдөн 4, Баткенден 3, Нарындан 2 окуучу жана Жалал-Абаддан 1 окуучу ээ болду.

 

Белгилеп кетсек, алтын сертификаттарга ээ болгон бүтүрүүчүлөр өлкөнүн каалаган жогорку окуу жайына сынагы жок кабыл алынып, акысыз билим алат.