Бишкекте Кытай грантына оңдолуп жаткан жолдордун 1-фазасы расмий жыйынтыкталды. Мэриянын маалыматына ылайык, ал 2016-жылы башталган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө, 180 чакырым тротуар салынып, ирригациялык система жаңыртылды.
Андан тышкары 6 көпүрө жана бир эстакадалык көпүрө курулган.
Экинчи фаза 27-февралда старт алып, анын алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү оңдоо пландалууда.