Кытайда 300 метрлик асман тиреген имарат чайпалды (видео)

Кытайда 300 метрлик асман тиреген имарат чайпалды. Анын ичиндеги адамдар кыймылды сезип, сыртка чыгууга шашты. Ал эми эшиктегилер имараттын алдында калбайын деп шашкалактап чуркашты.

 

Бактыга жараша, имарат кулаган жок, эчким жабыркаган жок. Небоскреб эмне себептен кыймылдаганы табышмак бойдон калды, анткени, бул учурда жер титирөө же катуу шамал болгон эмес.