Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрдан кийин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 15-декабрдан кийин белгилүү болот. Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматына ылайык, тестке 1 миңден ашык абитуриент катышты.

 

Көбү бир күн калганда каттоодон өткөн. Учурда эксперттер катышуучулардын жоопторун сканерден өткөүп, аларды дискке көчүрүп, атайын жайга сактоого жеткирилет.

 

Андан кийин гана тестке ачкычтар иштелип чыгат. Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө Бишкек жана Ошто 26-27-ноябрда өттү.