Жолчулар өлкөнүн башкы өтмөктөрүндө нөөмөттө турат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө атайын техника иштеп, трасса кардан тазаланып жатат.
Инерттүү материал себилүүдө. Бишкек – Ош унаа жолуна сапарга чыга турган айдоочуларга транспорттун техникалык абалын текшерип, этият болуп, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.