Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин иш кагаздарын кыскартуу пландалууда

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин иш кагаздарын кыскартуу пландалууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дарыгерлер менен медайымдар бейтаптарга берилген 26 түрдөгү иш-аракеттер журналын, 45 түрдөгү отчетторду жана 100гө жакын каттоо бланктарын толтурууга аргасыз болууда.

Мунун баары бир топ убакытты талап кылып, жарандарды кабыл алууда чоң кезектин пайда болушуна алып келет.

Мындан улам, мекеме дарыгерлердин түздөн-түз медициналык иш менен алектениши үчүн толтуруу үчүн документтердин санын кескин азайтууну көздөп жатат.