Жаза аткаруу кызматынан СИЗО-1 кайда көчүрүлөрүн айтып беришти. Ведомстводон билдиришкендей, тергөө абагынын жаңы имараты Бишкек шаарынан 22 чакырым алыстыкта жайгашкан Төмөнкү Нооруз айылында болот.
СИЗО-1 эки миң адамга ылайыкталат.
Маалым болгондой, түрмөнү Бишкектен көчүрүү үчүн президенттик фонддон 26 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.