Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттуу болот. Анда спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл нерселер камтылат.

 

Билим берүү мекемесин келерки жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда.