Кыргызстанга коронавирус келген учурга республикалык инфекциялык оорукана даяр

Кыргызстанга коронавирус келген учурга республикалык инфекциялык оорукана даяр. Башкы дарыгер Гүлжигит Аалиевдин айтымында, учурга карата биздин өлкөдө аталган дарт катталган жок.

 

Буга карабай, дарыгерлер кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иш алып барууда. Эске салсак, вируска ыкчам  аракет жасоо үчүн Кыргызстанда атайын штаб ишке киргизилди. Ага Саламаттыкты сактоо, Ветеринардык коопсуздук инспекциясынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана башка органдардын өкүлдөрү кирди.