Өлкө мектептеринде окуу процесси эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жүрүп жатат

Өлкө мектептеринде окуу процесси эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жүрүп жатат. Бул тууралуу мектеп, мектепке чейинки жана андан сырткары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.

 

Анын айтымында, балдарды парталарына кайтаруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана санэпидем көзөмөл кызматынын уруксаты керектелет. Аймактардагы вирустун жайылуу деңгээлине жараша ар бир мектеп окуу формасын өзү тандап жатат.