Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо токтотулган этабынан улантылат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо токтотулган этабынан улантылат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Учурда Боршайком өкмөт менен шайлоо процессин улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

 

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо менен Жогорку Кеңеш шайлоолорун бир күнгө белгилөө сунушталбайт, — деди Шайлдабекова. Эске салсак, 12-апрелде 5 шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам добуш берүү жылдырылган.