Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чукул маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта 29-майга чейин республиканын басымдуу аймактарында нөшөрлөп жаан жаап, тоо этегине кар түшөт.
Шамалдын ылдамдыгы 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү ькоркунучу жаралат.
Мындай туруксуз аба-ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал жаюуга тоскоолдук жаратат.