Жети-Өгүз районунда 3 социалдык мекеме пайдаланууга берилди.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, фельдшердик-акушердик түйүн,
мечит жана медресенин ачылыш аземи болду. Чоң-Жаргылчак айылындагы
курулуштарга чет өлкөлүк демөөрчүлөр колдоо көрсөттү. Жалпысынан
10 миллион сом жумшалды. Курулуш иштер эки ай мурда бүткөн, бирок
өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ачылыш аземи токтоп турган.