Жети-Өгүздө талапка жооп бербеген эс алуу борбору убактылуу жабылды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кара-Булуң деген жердеги эс алуу борбору экологиялык жана техникалык талаптарды аткарбагандыктан, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

 

Буг чейин жергиликтүү тургундар аталган эс алуу борборунан чыккан саркынды суулар айлана-чөйрөнү булгап жатканы тууралуу социалдык түйүндөргө жазышкан.

Министрликтин инспекторлору жеринде териштирүү жүргүзүп, жеке ишкерге таандык эс алуу борборунда минералдык сууну иштетүү долбоору, экологиялык, өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизалардын корутундулары жана саркынды сууну тазалоочу курулмасы жок экендиги аныкталган.

 

Эс алуу жайынын ээсине бардык талаптарды аткармайынча аны иштетпей туруу талабы кат жүзүндө берилген.

«Азаттык» борбордун ээси менен азырынча байланыша алган жок.