Жалал-Абад облусунда 4 адам кар көчкү алдында калды

Жалал-Абад облусунда 4 адам кар көчкү алдында калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ Тогуз-Торо районунда Түндүк-Түштүк альтернативалык трассасынын 334-чакырымнда кар көчкү түшүп, 3 адамды басып калды.

 

Анын экөөсү Кытайдын жарандары, бири кыргызстандык. Алар аткаруучу компаниянын кызматкерлери.

 

Кийин 340-чакырымда жары бир кар көчкү түшүп, 2 кыргызстандык жабыркады, дагы бир адам дайынсыз болууда. Учурда аларды куткаруу жана издөө иштери жүрүп жатат. Жерине 30 адам жана бир нече атайын техника тартылды.