Россияда мигранттардан экзамен алуу эрежеси өзгөрдү.
Токтомго ылайык, мигрант берген экзамендин жыйынтыгы
сертификат алган күндөн тартып 3 жыл сакталат, андан кийин
документ күчүн жоготот. Белгилеп кетсек, токтомго ылайык,
мигранттар убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн орус тилинен
экзамен тапшырууга эң көп дегенде 6 миң рубль төлөшү керек.
Ал эми ишке орношуу же патент алуу үчүн орус тилинен
экзамен тапшырса баасы 3 миң 800 рубль болот.