Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алды. Ага президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

 

Тагыраагы, кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.

 

Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар милдеттүү түрдө берүүлөрүнүн 70 пайызын мамлекеттик тилде обого чыгарат. Ошондой эле өлкө аймагында иштеген веб-сайттардын кыргыз тилиндеги версияда берилген маалыматтын көлөмү жана мазмуну башка тилдегисинен кем болбошу керек.