1-июлдан тарта суютулган газга болгон салык ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт

1-июлдан тарта суютулган газга болгон салык ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, кеп унаалар отун катары колдонуп келген газ тууралуу болуп жатат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, суютулган газды өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдуулугун эске алуу керек.

 

Ал эми Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов өз кезегинде белгилегендей, буга чейин аталган отунга нөлдүк ставка күчүндө болчу. Буга байланыштуу, эми автогаз литрине болжол менен 1 сом 80 тыйынга кымбаттайт.