Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору президент администрациясына келип түштү

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору президент администрациясына келип түштү. Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Бир айдын ичинде Садыр Жапаров документке кол коюп, шайлоо өтө турган күндү жарыялашы керек. Мыйзамга ылайык, парламент депутаттарын шайлоо 5 жыл сайын, октябрдын акыркы жекшембисинде өтөт.

 

Бирок БШК добуш берүүнү ноябрга жылдырууну сунуштады, анткени, даярдык көрүүгө убакыт жетпейт. Эске салсак, жаңы мыйзам боюнча шайлоонун аралаш системасы киргизилет.

 

Андан тышкары, депутаттардын саны 90го чейин кыскарат.