Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315 млн сомдон ашык которулду

Баткен облусуна жардам үчүн ачылган атайын эсепке 315 миллион сомдон ашык которулду.

Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат.

Сумманы Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары топтоду.

Ведомстводон белгилешкендей, каражат азырынча Баткенге багыттала элек.

Аны туура бөлүштүрүүгө президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу болот.